Кыргыз Республикасынын сот системасындагы маалымат ресурстары
KG
Жарандарды кабыл алуу графиги Жума күнү с 14:00дөн 17:00гө чейин
Телефону +996 (312) 46-37-94 Бишкек ш., Джунусалиева к., 171

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун сот аткаруучулар кызматтык бөлүмү кыймылсыз мүлктү ачык соода-сатык (торукту) өткөрүүнү жарыялайт

15 ноября 2019

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун сот аткаруучулар кызматтык бөлүмү кыймылсыз мүлктү ачык соода-сатык (торукту) өткөрүүнү жарыялайт: С.С.Жайнакованын жеке наамындагы 169,0 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан, турак-жай үйү, жалпы аянты 44,3 чарчы метр, турак-жай аянты 37,0 чарчы метр, дареги Бишкек шаары, Боталиев көчөсү, 216 үй. Турак-жай үйдүн баштапкы баасы 914 700 сом, жана кыймылдуу мүлк автоунаа “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү, мамлекеттик номер “B7900AW”, 2007 жылы чыгарылган, ак түстөгү, кузовтун номери: 4Т1ВЕ46К57U555518, кыймылдаткычтын номери: 2АZ9320295, кылмылдаткычтын көлөмү 2362 Б, С.С.Жайнакованын наамындагы, баштапкы баасы 150 000 сом.


Сатыкка катышууну каалагандар сатык боло турган бир күн алдын ала мүлктүн баштапкы баасынын 5%нын соода сатык өткөрүлгөнгө чейин Бишкек шаардык Биринчи май САКБнын депозиттик эсебине кепилдик төлөм катары төлөп берүү менен сатыкка катыша алат. Сатып алуу баасы Биринчи май райондук САКБнүн депозиттик эсебине, соодалоо өткөн күндөн тартып 5 (беш) күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.


Соода сатык 2019-жылдын 18-декабрь күнү саат 10:00 до мүлк жайгашкан даректе жүргүзүлөт, дареги: Бишкек шаары, Боталиев көч., 216-үй.


Соода сатык уюштуруучусу Биринчи май САКБнүн сот аткаруучусу Исаев Э.И. Байланыш телефон: 0771909214.


Реквизиттер: КР Финансы министрлигине караштуу борбордук казыналыгы, БИК: 440001, р/с: 4402012100000440 Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун САКБнүн (депозиттик эсеби); төлөм коду: 14238900, дайындатмасында тооруктун катышуучусун жана иштин номерин белгилөө керек.


Бишкек шаардык Биринчи май районун САКБнун сот аткаруучусу Э.Исаев