KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ноокат райондук соттук аткаруучулар кызматтык бөлүмү кыймылсыз мүлккө ачык соода-сатык жарыялайт

11 ноября 2020

Ноокат райондук соттук аткаруучулар кызматтык бөлүмү , Ноокат райондук сотунун 18.07.2019-жылдагы  № СГ-25-19-05  сандуу  аткаруу документинин негизинде «Иссык-Куль» Инвест Банк ААКнун  пайдасына  9 544 631 (тогуз миллион беш жүз кырк төрт миң  алты жүз отуз бир) сом  кредиттен болгон карызын өндүрүүнү  карызкор Ноокат району  Н.Исанов айыл округу Тескей Кожоке айылынын тургуну  13.12.1969-жылы туулган Акматов Мунарбек  Ташполотовичтин наамындагы  Ноокат району Он Эки Бел айыл округу Мойдунбек айылында жайгашкан мүлктөрүнөн:



  1. Ноокат районунун Он Эки Бел айыл округу Мойдунбек айылында жайгашкан  «Ликероводочный завод» жалпы жер аянты  18 200 ч.м. «Алкомэнерго» ЖЧК баштапкы соода сатыкка коюлуучу баасы   6 000 000 (алты миллион) сом наркта,

  2. Ноокат району Он Эки Бел айыл округу Мойдунбек айылында жайгашкан «Табочно-Ферментационный завод»  жалпы жер аянты 3,70 га. «Муз-Тор-Ош» ЖЧК баштапкы  соода сатыкка   коюлуучу  баасы   4 500 000 (төрт миллион беш жүз миң) сом наркта эл алдында   ачык  соода   сатыкка  коюлат.


Аукцион 10-декабырына 2020-жылы саат  14:00 до  мүлк  жайгашкан даректе   өткөрүлөт.


Сатыкка  катышу үчүн баштапкы баадан 5% өлчөмдө алдын  ала  төлөө  менен  калган сумманы 5 күндүк  мөөнөт ичинде  төлөп  берүүсү керек.


Пайыз  төлөөнүүчү   депозиттик   эсепти   Ноокат  райондук  САКБнон   алып,  сурап   билүү   үчүн   Ноокат   райондук   САКБнун   № 2-кабинетине   кайрылсаңыздар    болот.


Байланыш    тел.     0 779-58-32-18


Ноокат    райондук   САКБнун  сот   аткаруучусу: А. Садиров