KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ала-Бука райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан төмөнкү мүлккө экинчи жолу ачык соода (аукцион) өткөрүү боюнча жарыя кылат

06 ноября 2019

Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун Кашкалак айылында, Жаштык кочосундогу №68, жубайлар Сатиева Сафия Тургунбаевнага жана Майлибаев Канатбек Жороевичке таандык бирдейлештирилген (идентификациялык) коду 3-01-07-1006-0179 болгон аянты 1500.00 кв.м., №0179 сандуу жер участогу, кыймылсыз мүлктун баштапкы баасы 339 000 (үч жүз отуз тогуз миң) сом наркта, кыймылсыз мүлк ачык аукционго коюлат.


Сатык 2019-жылдын 21-ноябрь, саат 10.00го мүлк жайгашкан жеринде өткөрүлөт.


Аукционго катышууну каалаган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:


1) Катышууга арыз берүүгө жана аукционго алардын катышуусуна тоскоолдуктар жогу жөнүндө тил кат берүүгө;


2) Мүлктүн баштапкы наркынын 5 пайызы өлчөмүндө Ала-Бука райондук сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн депозиттик эсебине шертпул төлөөгө.


Сот аткаруучунун аукционго катышууга арыздарды кабыл алуусу аукцион башталганга чейин бир күн мурда бүтөт.


Аукционду утуп алган адам төлөгөн шертпул сатып алуу баасынын эсебине чегерилет. Тооруктардын калган катышуучулары төлөгөн шертпул тооруктар аяктагандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде кайтарылып берилет.


Сатып алуучу протоколго кол коюлган күндүн кийин жети кундөн кечиктирбекстен аукциондон башталышынын алдында төгүлгөн шертпулдун суммасын эсепке алуу менен мүлктү сатып алынган наркын толук төлөөгө милдеттүү


Сурап билүүүчүн Ала-Бука райондук САКБнө (дареги Ала-Бука району, Ала-Бука айылы, С.Ибраимов көчөсү -54) кайрылсаңыздар болот. Байланыш тел.( 03741) 5-03-07.