KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Баткен областынын Лейлек райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан кыймылсыз мүлк ачык соода-сатыкка коюлат

17 ноября 2020

Баткен областынын Лейлек районунун Кулунду айылынын Ниязматов көчөсүндөгү (иден.код: 8-03-07-1001-0018-04) 1632 чарчы метр жер участкасындагы, жалпы аянты 87,30 чарчы метр, жашоо аянты 69,30 чарчы метр болгон Алимов Рустом Увайдиллаевичтин менчигине таандык №4 үй ачык аукцион тартибинде сатылат. Күрөөгө коюлган, ачык аукциондон сатылуучу обьектинин (турак үйдүн) аукцондогу башталгыч (алгачкы) баасы 12500(он эки мин беш жүз) АКШ доллары же 861 250 (сегиз жүз алтымыш бир мин эки жүз элүү) сомду түзөт. Аукцион 2020-жылдын 17-декабрь күнү саат 10:00гө күрөөгө коюлган мүлк жайгашкан жерде (Кулунду айылы Ниязматов көчөсү №2) өткөрүлөт.


Аукционго катышууну каалаган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:


1) катышууга арыз берүүгө жана аукционго алардын катышуусуна тоскоолдуктар жогу жөнүндө тил кат берүүгө;


2) мүлктүн баштапкы наркынын 5 пайызы өлчөмүндө сот аткаруучулардын аймактык бөлүмүнүн депозиттик эсебине шертпул төлөөгө.


Сот аткаруучунун аукционго катышууга арыздарды кабыл алуусу аукцион башталганга чейин бир күн мурда бүтөт.


Аукционду утуп алган адам төлөгөн шертпул сатып алуу баасынын эсебине чегерилет.


Тооруктардын калган катышуучулары төлөгөн шертпул тооруктар аяктагандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде кайтарылып берилет.


Аукционго катышууну каалаган адамдар Лейлек райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу Имматов Ина Имматовичке толук маалымат алуу үчүн кайрылса болот.


тел: 0771 11 80 90