KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Болочок юристтер Сот департаментинин ишмердүүлүгү менен таанышышты

29 марта 2023

2023-жылдын 28-29-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын 1-2-курстарынын юридикалык факультетинин студенттери жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтунун сот адилеттиги, прокурордук жана укук коргоо иши факультетинин 2-курсунун студенттери үчүн ачык эшиктер күндөрү өткөрүлдү.


Жолугушууда Сот департаментинин директорунун орун басарлары Кубат Черикчиев жана Джылдыз Рыскулова, Сот департаментинин Борбордук аппаратынын бөлүм башчылары жана кызматкерлери Сот департаментинин түзүлүшү, тарыхы жана миссиясы, сот аткаруучулардын жана сот приставдарынын ишмердүүлүгү, алардын укуктары жана милдеттери, ошондой эле сот тутумун санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кыскача маалымат беришти. Болочок юристтер менен алимент өндүрүү, өлкөдөн чыгууга убактылуу бөгөт коюу жана башка маанилүү маселелер кызуу талкууланды.


Ошондой эле студенттер үчүн Сот департаментинин имаратына экскурсия уюштурулуп, анын жүрүшүндө алар мекеменин иш процесси менен таанышышты.


Жолугушуулар суроо-жооп форматында уланып, эң активдүү студенттерге кодекстер белекке берилди.


Иш чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулова жана ведомствонун кызматкерлери окуучуларга кызыгуусу, аракети жана жигердүү катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, окууларына ийгиликтерди каалашты. Ошондой эле жаш муундарга өз билимдерин берип, алардын мамлекетке жана мыйзамдарга болгон сый-урматын калыптандырып, жаштардын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятын жогорулатууга салым кошкон педагогдордун эмгеги өзгөчө белгиленди.