KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Бюджеттик комиссиясы облустук башкармалыктардын 2024-жылга бюджеттин долбоору жана 2025-2026-жылдарга болжолу боюнча маалыматын укту

31 марта 2023

2023-жылдын 30-31-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Бюджеттик комиссиясынын жыйынында 2024-жылга бюджеттин долбоору жана 2025-2026-жылдарга болжолдор боюнча Сот департаментинин жети облустук башкармалыктарынын маалыматы угулду.


Отурумга Сот департаментинин директору Медербек Сатыев, директордун орун басарлары Кубат Черикчиев жана Джылдыз Рыскулова, Бюджеттик комиссиянын мүчөлөрү, облустук башкармалыктардын башчылары жана башкы бухгалтерлери катышышты.


Буга чейин Сот департаментинин облустук башкармалыктары тарабынан даярдалган жергиликтүү соттордун, сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн (САКБ) жана сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн (СПКБ) бюджетинин 2024-2026-жылдарга түзүлгөн долбоорун кабыл алуу жана консолидациялоо максатында жана Сот департаментинин бюджетинин долбоорун андан ары Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеңешинин кароосуна жиберүү үчүн 8 мүчөдөн турган Бюджеттик комиссия түзүлгөн.


Жыйындын жүрүшүндө облустук башкармалыктардын башчыларына жергиликтүү соттордун аппараттарынын кызматкерлери, сот аткаруучулар жана сот приставдары үчүн кызматтык үйлөрдү курууга, ошондой эле талапка ылайык имараттары же жер тилкелери жок облустарда Сот адилеттик үйлөрүн курууга ылайыктуу жер тилкелерин табуу тапшырмалары берилди.


Ошондой эле облустук башкармалыктардын айрым жергиликтүү соттордун имараттарын куруу жана оңдоп-түзөө боюнча пландары угулуп, жергиликтүү сотторду, сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүн жана сот приставдар кызмат бөлүмдөрүн керектүү эмеректер, кеңсе техникалары, генераторлор, кызматтык унаалар менен камсыздоо, ошондой эле сотторго байкоо камераларын, кооптуу учурларда колдонуучу кнопкаларды, текшерүү алкактарын жана турникеттерди орнотуу боюнча маселелер талкууланды.