KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ишмердүүлүк

22 июня 2017

Функциялары:


Кыргыз Республикасынын Сот департаменти (мындан ары — Сот департаменти) Кыргыз Республикасынын сот бийлик бутагында иштеген мамлекеттик орган болуп саналат.


Сот департаменти аскер сотторунан тышкары жергиликтүү соттордун ишин материалдык-техникалык жана башка жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырууга, мыйзам менен каралган, мыйзамдык күчүнө кирген соттук жана башка актыларды аткарууну камсыз кылууга, ошондой эле сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган башка мүнөздөгү иштерди аткарууга чакырылган.


Сот департаменти өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, соттук коомдордун ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, соттук өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча Кеңештин ( мындан ары – судьяларды тандоо боюнча Кеңеш)  чечимдерин жана  ушул Жобону жетекчиликке алат.


Сот департаменти төмөнкүдөй функцияларды аткарат:


— аскер сотторунан тышкары, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ишин уюштуруу, материалдык-техникалык жана башкасын камсыз кылууну жүзөгө ашырат;


— судьялар Кеңешине, алар белгилеген мөөнөттө бюджеттин долбоорлорун  иштеп чыгат жана сунуш кылат:


а) жергиликтүү сотторго, жергиликтүү соттордун төрагаларынын жүйөлүү эскертүүлөрүн жана сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн, ар бир жергиликтүү сотту каржылоо өлчөмүн көрсөтүү менен,


б)  Сот департаментинин жана анын аймактык бөлүктөрүнүн,


в)  Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайын,


г)  судьялар Кеңешин,


д) Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча Кеңештин;


—  мыйзамда каралган соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актыларын жана башка органдардын актыларын анык, толук жана өз убактысында өз эрки  же мажбурлоо менен аткарылышын камсыз кылат;


— жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу жагынан талаптагыдай камсыз кылуу, сот актыларын жана башка органдардын актыларын аткаруу маселелери боюнча укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет;


— соттор, соттук өз алдынча  башкаруу органдары жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү менен судьялардын көз карандысыздыгын, кол тийбестигин жана коопсуздугун, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;


—  Жогорку Сотко караштуу судьяларды окутуу Борбору менен өз ара аракеттенет, Кыргыз Республикасынын судьяларынын, Кыргыз Республикасынын сотторунун, Сот департаментинин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларынын квалификациясын жогорулатуу маселесинде ага көмөк көрсөтөт;


— Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайын,  судьяларынын Кеңешинин жана судьяларды тандоо боюнча Кеңештин   ишин (уюштуруу, усулдук, материалдык-техникалык жана башкача) камсыз кылат;


— жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу жагынан камсыз кылууну өркүндөтүү максатында Сот департаменти мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, мекемелер жана ишканалар менен байланыш түзүүнү жана аны өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;


—  мыйзам белгилеген тартипте судьялар Кеңешинин чечиминин негизинде муктаж болгон жергиликтүү соттордун судьяларына, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун, Сот департаментинин жана анын бөлүмдөрүнүн аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларына кызматтык турак жай берет;


— Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сот аппараттарынын Сот департаментинин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик кызматкерлеринин персоналдык эсебин жүргүзөт;


— тийиштүү органдар менен бирдикте сот аткаруучуларга, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сот аппараттарынын мамлекеттик кызматкерлерине, судьяларга болгон ченемдик иш көлөмү боюнча илимий-негизделген сунуштарды иштеп чыгат;


— жергиликтүү соттор караган соттук иштердин жана материалдардын (соттук статистика) маалыматтарын жыйынтыктайт жана Жогорку сотко изилдөө жана талдоо үчүн берет;


— соттук актыларды жана башка органдардын актыларын аткаруу боюнча статистикалык эсепти жүргүзөт;


— мыйзамдарды системага салуу жана кодификациялоо боюнча иш жүргүзөт, ченемдик-укуктук актылардын банкын жана мыйзамдардын жалпы укуктук классификаторун түзөт;


— электрондук сот өндүрүшүнө иш кагаздарын жүргүзүү үчүн зарыл болгон автоматташтырылган маалыматтык-укуктук системаны иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү уюштурат;


— өз компетенциясынын чегинде жарандардын жана юридикалык жактардын даттанууларын жана арыздарын карайт;


ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Жогорку сотко, судьялар Кеңешине, судьяларды тандоо боюнча Кеңешке, Өкмөткө жана Жогорку Кеңешке, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизет;


— сот органдарынан чыккан расмий документтерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте апостиль коет;


— Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтөт;


— Сот департаментинин аймактык бөлүмдөрүн башкарат, алардын ишин материалдык-техникалык жана башкача камсыз кылууну жүзөгө ашырат;


— Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун, алардын аппараттарынын, Сот департаментинин жана анын бөлүмдөрүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча башка чараларды жүзөгө ашырат.