KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин директору сот адилеттиги боюнча эл аралык форумга катышты

20 сентября 2019

2019-жылдын 17-18-сентябрында Нур-Султан шаарында «Сот адилеттигинин сапатын  башкаруу: глобалдык тренддер жана тажрыйба» деген темада эл аралык форум болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин директору Кубанычбек Капалов  катышышты.


Форумдун ишине алгачкы  жолу бир эле учурда абройлуу эки чоң  эл аралык ассоциациялар, Эл аралык судьялар ассоциациясы менен  Эл аралык сот башкаруу ассоциациясынын өкүлдөрү болуп  900гө жакын киши катышты. Коноктордун арасында судьялар элитасы, сот менеджерлери жана дүйнөдөгү атактуу эксперттер болду. Алар сот адилеттигинин учурдагы жана келечек багыттарын талкуулашты.


Биринчи сессияда спикерлер сот системасын реформалоодогу  жаңы ыкмалар, коомдун адилеттүү жана калыс сотторго болгон суроо-талабынын алкагында көз карандысыздык менен  жоопкерчиликтин ортосунда тең саалмактуулукту камсыздоо боюнча  тажрыйбалары менен бөлүшүштү.  Бул тууралуу Грузия, Өзбекстан, Кыргызстан жана  Тажикстандын Жогорку сотторунун төрагалары: Мзия Тодуа, Козимджан Камилов, Гульбара Калиева менен  Шермухаммад Шохиен, ошондой эле Молдова, Белоруссия жана  Росииянын Жогорку сотторунун өкүлдөрү Татьяна Виеру, Валерий Калинкович менен  Виктор Момотов сөз кылышты.


Экинчи сессиянын алкагында Португалиянын Юстиция министрлигинин мамлекеттик катчысы Анабела Педросо жана  Нидерландынын Утрехт университетинин профессору  Филип Лэнгбрук лидерлик сапаттар менен адамдык ресурстарды өнүктүрүү,  сот ишинин эффективдүүлүгүн өлчөөдөгү инновациялар, сот органдарынын сапат стандарттарын колдонуу менен адилеттүүлүккө жетүүдөгү жана сот карталарын оптималдаштыруудагы соттордун заманбап архитектурасы  боюнча баяндама жасашты.


Үчүнчү сессиянын жүрүшүндө  АКШ, Бириккен Араб Эмирлиги, Улуу Британия, Италия жана  Германиядан келген эксперттер: Колинрул, Абдулла Аль Маджит, Ричард Гудман, Франческо Контини, Азер Алиев жана  Мими Зу  IT-технологиялардын артыкчылыктары менен кемчиликтери, алардын сот адилеттигине жетүүдөгү тийгизген таасири,  судьялардын көз карандысыздыгы жана жоопкерчилиги, жасалма интеллектти колдонуу тууралуу айтып беришти.


Ошентип, форумдун катышуучуларынын азыркы күндөгү сот адилеттигине тийиштүү маселелерди чечүүдөгү  тажрыйба алмашуу менен мындан ары   дагы кызматташтык тилектештигин көрсөткөн конструктивдүү  диалог жүрдү.


Эске салсак, Судьялардын эл аралык ассоциациясы  саясий эмес профессионалдуу эл аралык уюм катары 1953 –жылы Австриянын Зальцбург шаарында негизделген. Азыркы күндө аталган ассоциация дүйнөнүн 5  континентинен судьялардын 90 улуттук ассоциациясынын башын бириктирип турат. Алар өзүнө  Ассоциациянын сот системасынын адам укуктарын  жана эркиндиктерин камсыздоодогу ишинин негизи катары,  сот бийлигинин көз карандысыздыгын  коргоо боюнча  идеялары менен максаттарын жайылтуу милдетин алышкан.