KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин жамааты жалпы шаардык ишембиликке чыгышты

10 июня 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Борбордук аппаратынын жамааты жалпы шаардык ишембиликке катышты.


Ишембиликтин жүрүшүндө мекеменин кызматкерлери Сот департаментине бөлүнүп берилген жер тилкесин тазалап, таштандылардан арылтышты. Чортеков көчөсү менен Д. Күйүкова жана Камбар-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги жердин чөптөрү чабылды. Мындан сырткары мекеменин тегерек-чети иретке келтирилди.


Бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарынын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында жалпы республикалык ишембилик өтүүдө.


Белгилей кетсек, массалык ишембиликтер Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында ишембилик өткөрүлүп жатат.