KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгы, административдик кызмат орундарынын улук тобу боюнча ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

22 мая 2023

Улук административдик кызмат орундары (ар түрдүү профилдеги жогорку билим)


Коюлуучу талаптар:


— Кыргыз Республикасынын соттолбогон жараны болууга тийиш;


— жашы 21 ден жогору;


— жогорку билими;


— мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда бир жылдан кем эмес иштеген, же кесиби боюнча үч жылдан кем эмес эмгек стажы;


— КР Конститутциясын;


— КР «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамын;


— КР «Нормативдик укуктук актылар жөнүндөгү» мыйзамын;


— КР «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамын;


— КР «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзамын;


— КР «Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамын;


— КР «КР судьяларынын статусу жөнүндө» мыйзамын;


— КР «КРнын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү» мыйзамын;


— КР «Сот приставдары жөнүндөгү» мыйзамын;


— КР «Курал жарактар жөнүндөгү» мыйзамын;


— КР нын иш кагаздарды жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын 03.03.2020№120;


— «КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти жөнүндөгү» Жобосун14.01.2022


билүүгө тийиш.


 


Конкурска катышуучу талапкерлер төмөндөгү документтерди даярдоосу зарыл:


— талапкердин арызы;


— өздүк баракчасы;


— өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);


— резюме электрондук почтасын көрсөтүү менен;


— сүрөт 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана (көгүш фон);


— мед. справка 0-086;


— паспорттун көчүрмөсү (конкурс өткөрүлгөн күнү талапкер паспортунун түп нускасын өзү менен кошо алып келүүгө тийиш);


— жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү нотариус тарабынан тастыкталган көчүрмөсү;


— эмгек китепчесинин нотариустан же тиешелүү адис тарабынан тастыкталган көчүрмөсү.


 


Документтер, жарыя чыккан күндөн тарта 10 иш күн аралыгында кабыл алынат.


Бардык талаптарга жооп берген талапкерлер конкурска катыша алат.


 


Конкурска катышуучу талапкерлер төмөнкү дарекке кайрылсын:


Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү 56, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгы


Сурап билүү телефону: (0 36 22 ) 5-09-39.