KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин облустук башкармалыктары балдарды майрамы менен куттукташты

01 июня 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин облустук башкармалыктарынын кызматкерлери бөбөктөрдү Балдарды коргоонун эл аралык  күнү менен куттуктап, белектерди тапшырышты.


Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын кызматкерлери Каракол шаарында жайгашкан «Телегей» аттуу балдар үйүнө барып, ар кандай белектерди тапшырышты.

«Телегей» балдар үйүнүн директору көрсөтүлгөн жардам жана көңүл үчүн ведомствонун жамаатына ыраазычылык билдирди.


Баткен облусундагы Лейлек райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн (САКБ) сот аткаруучулары мектепке чейинки билим берүү мекемесине барып, балдарды куттуктап, окуу куралдарын тапшырышты.


Нарын облусунун Кочкор райондук САКБнүн кызматкерлери Кочкор райондук сотунун кызматкерлери менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына азык-түлүк топтомдорун жана таттууларды тапшырышты.


Нарын райондук сот приставдар кызмат бөлүмү майрамга карата Ош шаарынын борбордук паркындагы балдарга балмуздак жана суусундуктарды таратып, балдарга майрамдык маанай тартуулашты.