KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ош шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмү төмөндөгү кыймылсыз мүлккө биринчи ирет ачык тоорук жарыялайт

10 августа 2022

Ош шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмү төмөнкү мүлккө биринчи  ирет ачык соода-сатык, аукцион жарыя кылат:


Ош шаарынын Жусубалиева көчөсүнүн №44-чү турак үйү карызкорго таандык болгон Садык уулу Улан наамында катталган өзүнө тиешелүү болгон турак үйү код ИК -5-11-11-1002-0115 кыймылсыз мүлк биринчи ирет аукционго коюлат.


Ачык тоорук Ош шаарынын Жусубалиева көчөсүнүн №44 дареги боюнча 20-сентябрь 2022-жылы саат 10:00 да өтөт.


Башталгыч баасы 14 848 000 (он төрт миллион сегиз жүз кырк сегиз миң) сом.


Ачык тоорукка катышууга калоочулар Ош шаардык САКБнүн депозиттик эсебине 4407012100000188, ИНН 00101199510034, БИК 440001, КОД платежа 14511900, Ош РОК Банк алуучу Ош шаардык Филиал ААК РСК Банкына башталгыч баасынан 5% кепилдик төгүм төлөөсү зарыл жана ачык тоорук дайындалган күнгө, бир күн калганга чейин төлөнүшү керек.


Утуп алуучу ачык тоорук өткөрүлгөн күндөн баштап жети күндөн кечиктирбекстен сатып алынган мүлктүн суммасын толук, кепилдик суммасын эсепке алуу менен төлөп берүүгө милдеттенет. Эгерде ачык тоорукту утуп алуучусу 7 күндүн ичинде толугу менен төкпөсө, 5% кепилдик төлөмү мамлекеттин пайдасына чегерилет.


Так маалымат алуу үчүн Ош шаардык САКБнүн сот аткаруучусу Закиров Артур Тагайбековичке кайрылсаңыздар болот.


Байланыш тел.( 03222) 7-01-51, 0555 15 10 20.


Ош шаардык САКБнүн сот аткаруучусу: Закиров А.Т.