KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ош шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан кыймылсыз мүлк экинчи ирет ачык соода сатыкка коюлат

13 марта 2020

Ош шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан төмөнкү мүлктү  экинчи ирет  жарыя кылат;


Ош шаарынын Гастелло көчөсүнүн №1Б -үйүнүн №37-батири, дарегинде жайгашкан 3 бөлмөлүү батир, жалпы пайдалуу аянты 55,07 кв.м. түзгөн (бир. коду. 5-11-04-0086-0005-01-037 сандуу) Абдыбаитов Алишер Нурматовичке таандык турак үйдүн башталгыч баасы 2 330 000 сом наркта аукционго (эл алдында сатыкка) коюлат.


Аукцион 2020-жылдын 15-апрель күнү саат 10.00 дө мүлк жайгашкан жеринде өткөрүлөт.


Аукционго катышууну каалаган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:


Соода-сатыкка катышууга арыз берүүгө жана аукционго алардын катышуусуна тоскоолдуктар жогу жөнүндө тил кат берүүгө;


Соода-сатыкка катышуучу мүлктүн баштапкы наркынын 5  пайзы өлчөмүндө Ош шаардык САКБнүн депозиттик эсебине шертпул төлөөгө милдеттүү.


Сот аткаруучунун аукционго катышууга арыздарды кабыл алуусу аукцион башталганга чейин бир күн калганда токтотулат.


Сатып алуучу протоколго кол коюлгандан кийин жети күндөн кечиктирбестен аукциондун башталышынын алдында  төгүлгөн шертпулдун суммасын кошуу менен мүлктүн сатып алынган наркын толук төлөөгө милдеттүү.


Сурап билүү үчүн Ош шаардык САКБнө (дареги: Ош ш. Ленин көч. №318 7-каб.) кайрылсаңыздар болот.  бай. тел. (03222 2-01-51)


Ош шаардык САКБнүн  сот аткаруучусу-  Орозов Ш. Ж.