KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ош шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан кыймылсыз мүлк экинчи ирет аукционго (эл алдында сатыкка) коюлат

15 сентября 2020

Ош шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан төмөнкү мүлктү сатууга жарыя кылат;


1) Ош шаарынын Кулматов көчөсүнүн №7 дарегинде жайгашкан 2 000, кв.м. аянты менен (бир. коду. 5-11-11-1005-0413 сандуу) Садирова Паридахан Асановнага таандык турак үйдүн башталгыч баасы  1 485 000 (бир миллион төрт жүз сексен беш миң)                   сом наркта экинчи ирет аукционго (эл алдында сатыкка) коюлат.


Аукцион 2020-жылдын 15-октябрь күнү саат 10.00 дө мүлк  жайгашкан жеринде өткөрүлөт.


Аукционго катышууну каалаган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:



  • Соода-сатыкка катышууга арыз берүүгө  жана аукционго алардын катышуусуна тоскоолдуктар жогу жөнүндө тил кат берүүгө;

  • Соода-сатыкка катышуучу мүктүн баштапкы наркынын 5  пайзы өлчөмүндөгү Ош шаардык САКБнүн депозиттик эсебине шертпул төлөөгө милдеттүү.


Сот аткаруучунун аукционго катышууга арыздарды кабыл алуусу аукцион башталганга чейин бир күн калганда токтотулат.


Сатып алуучу протоколго кол коюлгандан кийин жети күндүн кечиктирбестен аукциондун башталышынын алдында  төгүлгөн шертпулдун суммасын кошуу менен мүлктүн сатып алынган наркын толук төлөөгө милдеттүү.


Сурап билүү үчүн Ош шаардык САКБнъ (дареги: Ош ш. Ленин көч. №318 7-каб.) кайрылсаныздар болот.  бай. тел. (03222 2-01-51)