KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ош шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан кыймылсыз мүлккө ачык соода сатык жарыялайт

20 марта 2020

Ош шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан төмөнкү мүлккө жарыя кылат:


Нармирзаева Едгорхан Махомадовнага таандык Ош шаары, Пахта-Абад көчөсү, № 80 «А» – барачный типтеги үй жалпы аянты 35,89 кв.м., анын ичинен жашоо аянты 21.26 кв.м., жер участкасы 432,00 кв.м., аянты менен баштапкы баасы 793 000 (жети жүз токсон үч миң) сом наркта аукционго коюлат.


Аукцион 2020-жылдын 24-апрель күнү саат 10:00 дө мүлк жайгашкан жеринде өткөрүлөт.


Аукционго катышууну каалаган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:


1) катышууга арыз берүүгө жана аукционго алардын катышуусуна тоскоолдуктар жогу жөнүндө тил кат берүүгө,



  • Мүлктүн баштапкы наркынын 5 пайызы өлчөмүндө сот аткаруучулардын аймактык бөлүмүнүн депозиттик эсебине шертпул төлөөгө;


Сот аткаруучунун аукционго катышууга арыздарды кабыл алуусу аукцион башталганга чейин бир күн мурда бүтөт.


Ош шаардыкСАКБнун депозиттик эсеби р/счет 1290392382630017, л/счет 4407012100000188, ИНН 00101199510034, БИК 129039 Ош РОК, алуучу банк «РСК Банк» ААК.


Сатып алуучу протоколго кол коюлган күндөн кийин жети күндөн кечиктирбестен аукциондон башталышынын алдында төгүлгөн шертпулдун суммасын эсепке алуу менен мүлктү сатып алынган наркын толук төлөөгө милдеттүү.


Сурап билүү үчүн Ош шаардык САКБнө (дареги Ош шаары, Ленин көчөсү-318, № 8 каб.) кайрылсаңыздар болот. Байланыш тел. 03222 2-01-51


Ош шаардык САКБ-нун сот аткаруучусу:   Асанов Ч.А.