KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ош облусунда калк арасында “Бузуулар жөнүндө кодекси" боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

02 апреля 2019

Ош областык Сот департамент башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министринин 2019 жылдын 15 январындагы Протоколдук тапшырмасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директордун орун басары Мукалаев Таалайбек Сагынбековичтин катынын негизинде, Ош областык Сот департамент башкармалыгы тарабынан 2019-жылдын февраль жана март айларындагы айыл аймактарына баруу иш графигин негизинде Ош шаарынын, Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгында Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башкы адиси Макаев Алмазбек., Ош шаардык сот аткаруучулар кызматык бөлүмүнүн сот аткаруучусу Абиев Нурлан жана Ош шаарынын Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Жээнбеков А.А., Манас-Ата муниципалдык аймактык башчылары жана Манас-Ата муниципалдык аймактын жашоочулары катышты. Андан ары, иш чара Чоң-Алай районунда да улантылып, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар кызматык бөлүмүнүн Улук сот аткаруучусу Сейдалиев Мухидин жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы, Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн айыл башчылары катышып, 2019 жылдын 01 январь айынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө кодекси” боюнча жашоочуларга кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү