KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Республика боюнча сот приставдарын кызматтык жана дене тарбиялык жактан даярдоого багытталган окутуулар өткөрүлдү  

27 марта 2023

2023-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Сот приставдар кызматынын Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин сот приставынын укуктары жана милдеттери, куралсыз коргонуу ыкмасы боюнча күжүрмөн самбону өздөштүрүүсү, ошондой эле мыйзамда каралган атайын каражаттарды жана күч колдонуу боюнча окутуу  өткөрүлдү.


Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулова сот приставдарына кайрылып, кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзам чегинде иш алып барууга, мамлекеттик жарандык кызматкердин этикасын жана тартипти сактоого чакырды. Ошондой эле, сот отуруму учурунда коомдук тартипти бузган катышуучуларга карата мыйзамда каралган негиздер менен чечкиндүү чара көрүүнү, мындан сырткары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттордун административдик мекемелерин кайтаруу учурунда, сот залдарын жана соттордун чектеш аймактарында кыраакылык менен иш алып барууга, тыюу салынган буюмдарды сот отурумуна алып кирүүгө болгон аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.


Сот приставдарын теориялык жана практикалык багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Конституциялык соту боюнча Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставы Курстанбек Калыков лекция өтүп, атайын спорттук залдарда коомдук тартипти бузган жана сот приставынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген жактарга карата физикалык таасир менен чара көрүү ыкмаларын көрсөтүп берди.


Мындай окутуу иштери сот приставдарынын сот процесси учурунда жана мажбурлап алып келүү иштерин аткарууда келип чыккан ар кандай кырдаалга даяр болуусу үчүн, ошондой эле сот приставынын жана башка жактардын ден-соолугуна же өмүрүнө коркунуч жаралган учурга моралдык жана физикалык жактан даярдоо максатында жүргүзүлдү.


Ушундай эле окутуулар республиканын бардык облустарында 2023-жылдын 13-мартынан 23-мартына чейин жер-жерлерде өткөрүлдү.