KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаменти менен “ЭлТР” Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду

19 мая 2023

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Медербек Сатыев жана “ЭлТР” Мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директору Эрлан Догдурбеков жарандарга Сот департаментинин, сот аткаруучулардын жана сот приставдарынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү жолу менен элдердин укуктук аң-сезимин жогорулатуу маселелери боюнча өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.


Жолугушуунун жүрүшүндө аткаруу өндүрүшүнүн аткарылышын чагылдыруу, Сот департаментинин кызматкерлеринин катышуусу менен интервьюларды жана түз эфирлерди уюштуруу боюнча эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.


Ошондой эле алимент өндүрүү, өлкөдөн чыгууга чектөө коюу жана жалпысынан аткаруу өндүрүшүнө байланыштуу маселелерди чагылдырган социалдык роликтерди тартуу зарылдыгы белгиленди. Тараптар бул багыттагы телеберүүлөрдү үзгүлтүксүз көрсөтүп туруу боюнча макулдашышты.