KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Баткен облусунун сот приставдарына кызматтык милдеттерин так аткаруу боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлдү

31 марта 2023

Баткен облусунун улук сот приставы  Нурислам Искандаров “Жеке кароо жүргүзүүнүн, адамдардын жанындагы буюмдарды карап чыгуу тартиби жөнүндө”  жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун имараттарына кирүүнү көзөмөлдөө жана кайтаруу боюнча сот приставдарынын ишин уюштуруу тартиби жөнүндө” нускамалары менен тааныштырды.


Жыйындын жүрүшүндө Нурислам Искандаров ар бир сот приставы жоопкерчиликти сезе билип, өзүнүн кызматтык милдеттерин, укуктарын  жана милдеттерин так билиши керектигин бедгиледи. Соттун имараттарынын коопсуздугун бекем сактап, сот отурумуна келген жарандар менен сылык мамиледе болуп, форма кийидеринин таза, тыкан жана талаптарга ылайык болушун белгилеп, мындан башка бир катар талаптарды койду.


Жолугушуунун аягында Баткен облусунун улук сот приставы  Баткен аймактык, райондук жана шаардык Сот приставдары кызмат бөлүмдөрүнүн сот  приставдарына Сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө карата  ыйгарылган сыйлыктарын тапшырып, иштерине ийгиликтерди кааларын билдирди.


Сот департаментинин  Ардак грамотасы менен Кадамжай райондук Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн улук сот приставы Мурадил Ысаков сыйланды.


Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын Грамотасы менен Лейлек райондук Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставы Муратбек Казаков сыйланды.