KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Нарын облусунун Кочкор райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан кыймылсыз мүлккө ачык аукцион жарыяланат

28 октября 2020

Кочкор райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан 30-ноябрь 2020-жылы саат 16-00дө Кочкор району Ак-Кыя айылы Кыдырмаев көчөсүнүн № 11 үйү, жер тилкеси менен жалпы аянты 55,76 чарчы метр, жер тилкесинин аянты 1500 чарчы метр,  идн коду 4-04-06-1001-0163  болгон турак үйү аукцион аркылу ачык соода сатыка коюлат. Турак үйүнүн старттык баасы 397 000 сом.


Ачык соода сатыка катышууну каалаган кардарлар Кочкор райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө катышууга арыз берүүгө, аукционго алардын катышуусуна тоскоолдуктар жогу жөнүндө тил кат берүүгө, мүлктүн баштапкы наркынын 5 пайыз өлчөмүндө Кочкор райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн “РСК-Банк” 440 505 2100000123 БИК 440505 код 14511900 депозиттик эсебине шертпул төлөөсү зарыл.


Сот аткаруучунун аукционго катышууга арыздарды кабыл алуусу аукцион башталганга чейин бир күн мурда бүтөт.


Аукционду утуп алган адам төлөгөн шертпул сатып алуу баасынын эсебине чегерилет. Тооруктардын калган катышуучулары төлөгөн шертпул тооруктар аяктагандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде кайтарылып берилет.


 


Кочкор райондук сот аткаруучулар


кызмат бөлүмүнүн  cот аткаруучусу                                                   С.Тулкубаев