2023-жылдын 24-майында Ош шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн (САКБ) сот акаруучулары тарабынан Ош шаардык сотунун карызкор С.Б.ны үй-бүлө мүчөлөрү менен башка турак жай бербестен Ош шаарында жайгашкан үйдөн чыгаруу жөнүндөгү соттук актысы мажбур иретинде аткарылды.
Аталган аткаруу документи Ош шаардык САКБнө 2022-жылдын 05-апрелинде аткарууга келип түшкөн.
Карызкорго соттун чечимин 10 күндүк мөнөттө ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш 2023-жылдын 06-апрелинде берилген. Бирок карызкор тарабынан аткаруу документинин талаптарын аткаруу боюнча эч кандай чара көрүлгөн эмес.
Жыйынтыгында белгиленген күнү карызкор үй-бүлө мүчөлөрү менен батирден мажбурлап чыгарылды. Соттун чечими толугу менен аткарылып, күбө калыстардын катышуусунда акт түзүлүп, турак жай өндүрүп алуучуга өткөрүлүп берилди.