KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сокулук райондук сотунун турак жайдан чыгаруу жөнүндө чечими мажбурлап аткарылды  

24 марта 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 24-мартында Чүй облусунун Сокулук райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучулары Сокулук райондук сотунун 2021-жылдын 28-апрелиндеги карызкорлорду Сокулук районунда жайгашкан турак үйдөн бардык жашаган үй-бүлө мүчөлөрү менен чыгаруу жөнүндө чечимин мажбурлап аткарышты.


Карызкорлор, алардын туугандары жана алар чакырган бөтөн адамдар тарабынан күч колдонуу жана коркутуу жолу менен соттун чечимин аткарууга тоскоолдук кылуу боюнча активдүү чаралар көрүлдү.


Кыргыз Республикасынын “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Мыйзамынын 12-беренесине ылайык соттун чечимин аткарууга көмөк көрсөтүү үчүн Сокулук райондук Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставдары, Кыргыз Республикасынын ИИМинин жана Сокулук районунун фельдшердик-акушердик пунктунун кызматкерлери тартылган.


Аткаруу барактары Сокулук райондук САКБ 2023-жылдын 10-январында келип түшкөн.


Аталган аткаруу документтерин аткаруунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын  “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Мыйзамынын 50-беренесине ылайык карызкорлорго аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш 2022-жылдын 16-февралында тапшырылган. Бирок карызкор тарабынан аткаруу документинин талабы ыктыярдуу аткарылган эмес.


Ушуга байланыштуу 2023-жылдын 03-мартында карызкорлорго өндүрүүчү К.Н.К. га таандык турак үйдөн мажбурлап чыгаруу жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн, аткаруу документин аткаруу 2023-жылдын 24-мартына саат 10:00 гө коюлган.


Жыйынтыгында 2023-жылдын 24-мартында турак жайдан карызкорлор бирге жашаган бардык үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге мажбурлап чыгарылып, күбөлөрдүн катышуусунда  акт түзүлдү. Карызкор үйдөн чыгарылган буюмдарын өзү алып, кошуналарынын үйүнө сактоо үчүн ташып кетти.