KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Соттун турак жайдан чыгаруу жөнүндө чечимдери мажбурлап аткарылды

22 сентября 2022

2022-жылдын 21-сентрябрында Бишкек шаарынын Свердлов райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн (мындан ары — САКБ) сот аткаруучулары тарабынан Бишкек шаарында жайгашкан турак үйдөн Ж.С., Ж.Ы. жана О.К. аттуу жарандарга башка турак-жай бербестен, чогу жашаган бардык адамдар менен бирге үйдөн чыгаруу жана буга чейин арыз берүүчү тарабынан 700 сом өлчөмүндө төлөнгөн мамлекеттик алымды өндүрүп берүү жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген эки чечими мажбурлап аткарылды.


Карызкор, анын туугандары жана алар чакырган бөтөн адам тарабынан физикалык күч жана коркутуу колдонуу менен соттун чечимин аткарууга тоскоолдук кылуу боюнча активдүү чаралар көрүлдү.


Карызкор Ж.С. бир нече жолу өз жанын кыюуга аракет кылды, бирок ага милиция кызматкерлери тоскоолдук көрсөтүштү.


Кыргыз Республикасынын «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, соттун чечимин аткарууга көмөк көрсөтүү үчүн атайын техникасы менен Кыргыз Республикасынын ӨКМнин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Бишкек шаарынын медициналык тез жардам ооруканасынын жана үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тартылган.


Аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу сунушу карызкорго өз убагында берилген, бирок карызкор тарабынан аткаруу документинин талаптарын аткаруу боюнча эч кандай чара көрүлгөн эмес.


Бишкек шаарынын Свердлов районунун САКБнө 2022-жылдын 23-мартында карызкор Ж.С. тарабынан аткаруу өндүрүшүн токтотуу жөнүндө арыз келип түшүп, ал канааттандырылган.


Үстүбүздөгү жылдын 09-сентябрында аталган аткаруу өндүрүшү кайрадан жаңыланып, 2022-жылдын 21-сентябрына дайындалган.


Белгилей кетсек, 2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын Свердлов райондук САКБнүн сот аткаруучулары карызкорлорду мажбурлап чыгарууга бир нече жолу аракет кылышкан.