KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин жетекчилиги Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушту

05 февраля 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, анын орун басары Кубат Черикчиев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушушту.


Тараптар Кыргыз Республикасынын сот тутумун санариптик трансформациялоо боюнча долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруунун жолдорун талкуулашты.


Жолугушуунун жүрүшүндө сот тутумун санариптештирүү жаатында алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруудагы көйгөйлүү маселелерди аныктоо жана аларды чечүү боюнча талкуулар болду.


Иш чарага Сот департаментинин Ресурстарды башкаруу башкармалыгынын башчысы Курулуш Үсөналиев,  Сот департаментине караштуу «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин директору Рустам Шабыев, бөлүм башчысы Сагынбек уулу Урмат, Сот департаментинин Эл аралык кызматташтык жана гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы Айнура Аракеева, Сот департаментинин Маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Назира Сагыналиева жана башка кызматкерлер катышышты.