KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

«Аткаруу өндүрүшү» АМТ боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү

24 мая 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин конференц-залында «Аткаруу өндүрүшү»Автоматташтырылган маалыматтык тутум (АМТ) боюнча жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү.


Жыйынга Сот департаментинин кызматкерлери, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн улук сот аткаруучулары жана «Адилет Сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин адистери катышышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар «Аткаруу Өндүрүшү» АМТ системасына мурда киргизилген жана боло турган өзгөртүүлөрдү талкуулашты жана ошондой эле башка маанилүү маселелерди козгошту. Мындан тышкары жогоруда аталган системанын ишин жакшыртуу боюнча сунуштар угулуп, эске алынды.