KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлери кесиптер жарманкесине катышышты

25 мая 2023

Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлери Улукбек Назаров, Абдимиталип Макамбаев жана Абдикалык кызы Марапат Баткен мамлекеттик университетинде уюштурулган “Бош орундар жарманкеси-2023” аттуу иш чарага катышышты.


Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлери жолугушуунун катышуучуларына Сот департаментинин ишмердүүлүгү, облустук башкармалыктын,  сот аткаруучулар жана сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн бош орундарына  кирүүдө коюлуучу талаптар жана жумушка орношуу тартиби боюнча толук маалымат беришти.


Мындан сырткары Баткен облусунун бир катар мекемелеринин  жана ишканалырынын өкүлдөрү өз мекелери тууралуу, жумушчуларды кабыл алуудагы талаптар жана уюмда иштөөнүн артыкчылыктары боюнча маалымат беришти.


Жолугушунун аягында Баткен мамлекеттик университетинин жетекчилиги мекемелердин өкүлдөрүн ыраазычылык каттар менен сыйлады.