KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин кызматкерлери балдарды майрамы менен куттукташты

01 июня 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 1-июнунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин профсоюз комитетинин мүчөлөрү Махабат Кулубаева жана Акыл кызы Чолпонай Сокулук районунун Моловодное айылындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбордун тарбиялануучуларын жалпы жамааттын атынан куттукташып, аларга материалдык жардам көрсөтүштү.


Учурда аталган реабилитациялык борбордо 79 бала тарбияланууда.


Мекеменин директору Бакыт Абдиев көрсөтүлгөн жардам үчүн Сот департаментинин жамаатына ыраазычылык билдирди.


Балдар үйлөрүнө баруу жана колдоо Сот департаментинин жамаатынын салты. Жыл сайын кызматкерлер өз демилгеси менен балдар мекемелерине материалдык жардам көрсөтүп, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган кайрымдуулук иш чараларына активдүү катышып келишет.