KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Талас облустук башкармалыгынын кызматкерлери соттордун аппарат кызматкерлери менен этика маселелери боюнча профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү

23 марта 2023

2023-жылдын 22-23-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын кызматкерлери облустун жергиликтүү сотторуна барышып, соттордун аппарат кызматкерлери, Сот аткаруучулар кызмат  бөлүмдөрүнүн жана Сот приставдар кызмат  бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен этика маселелери боюнча профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.


Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын башкы адиси Айдайкан Кожокулова кызматкерлерди кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоого, жарандар жана кызмат адамдары менен мамиле кылууда туура жана сылык мамиле кылууга, кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпоого, кызматкерлер жарандар менен түздөн-түз иш алып баргандыктан мамлекеттик кызматчынын этикасынын принциптерин жана ченемдерин бекем сактоого чакырды.


Мындан сырткары мамлекеттик кызматчыларды аттестациялоонун тартиби жөнүндө жана бир катар кадрдык маселелер талкууланып пикир алмашуулар болду.


Иш чараларга облустук башкармалыктын сот аткаруучулардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн адистери Кубат Манапбаев жана Темирлан Джолдошев да катышышты.