KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине 30 жыл

10 июня 2024

Быйыл Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатат. Эскерте кетсек, Сот департаментин өзүнчө түзүмгө бөлүү сот реформасынын алкагында 1994-жылдын 1-ноябрында ишке ашырылган.


Ведомствонун алдында жергиликтүү соттордун, соттук өз алдынча башкаруу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу боюнча милдеттер турат. Тактап айтканда, сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган кадрдык, каржылык, материалдык-техникалык, укуктук-уюштуруучулук, жана башка жактан камсыз кылуу боюнча милдеттер жүктөлгөн.


Мындан сырткары, Сот департаменти соттук чечимдердин жана мыйзамдарда каралган мамлекеттик органдардын актыларынын аткарылышын камсыз кылууга, ошондой эле сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча башка мүнөздөгү аракеттерди жүзөгө ашырууга багытталган.


Азыркы күндө Сот департаменти сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, соттордун өз алдынчалыгын камсыз кылуу боюнча стратегиялык милдеттерди чечүүчү, соттук коомдоштуктун органдарынын принципиалдуу чечимдерин турмушка ашыруучу реалдуу механизм болуп саналат.


Белгилей кетсек, Сот департаментинин борбордук аппараты 3 башкармалыктан, 12 бөлүмдөн жана 1 сектордон турат.


Бүгүнкү күндө Сот департаментинин борбордук аппаратынын штаттык саны 122 кызматкерди түзөт, анын ичинде 85и – мамлекеттик кызматкер, 37си – техникалык жана кенже тейлөөчү персонал. Сот департаментинин облустук башкармалыктарынын штаттык саны мамлекеттик кызматкерлеринин 124 бирдигин, Кыргыз Республикасынын сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн сот аткаруучуларынын саны — 380, Кыргыз Республикасынын сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн  сот приставдарынын саны — 440 түзөт.