KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Баткен облусунун сот аткаруучулары жарандарга айып пулдарды өз убагында төлөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

30 мая 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 30-майында Баткен райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн (САКБ) сот аткаруучулары Баткен РИИБү боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо (ЖККК) бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге айып пул төлөнбөй калган учурда карызкорго карата колдонулуучу чаралар жөнүндө жарандарга түшүндүрүү иштерин жеринде жүргүзүштү.


Баткен райондук САКБнүн улук сот аткаруучусу Максатбек Ахмедов жарандарга айып пулдарды өз убагында төлөө керектигин эскертип, аны өз убагында төлөбөсө мыйзамга ылайык туумдар кошуларын жана мажбурлоо мүнөзүндөгү аткаруу иш аракеттери жүргүзүлөрүн белгиледи.


Белгилей кетсек, Баткен райондук САКБнө аткарууга үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Жол кымылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн 1277 аткаруу документи, ал эми “Коопсуз шаар” мониторинг борборунан 44 аткаруу документи түшкөн.


Ал эми Кызыл-Кыя шаардык Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө жол кыймыл эрежелерин бузгандыгы үчүн Ж.З.Ж. аттуу карызкордон 38000 (отуз сегиз миң) сом өндүрүү жөнүндө 19 даана протокол жана токтомдор Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү (ШИИБ) боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо (ЖККК) бөлүмүнөн жана  Баткен  райондук ички иштер бөлүмү боюнча ЖККК бөлүмүнөн келип түшкөн.


Карызкор Ж.З.Ж. жогоруда көрсөтүлгөн аткаруу документтеринин талаптарын өз ыктыяры менен аткаруу жөнүндө  сунуш өз учурунда берилгенине карабастан сот аткаруучунун мыйзамдуу талаптарын аткарбай келген.


Кызыл-Кыя шаардык САКБнүн сот аткаруучулары тарабынан карызкордун жашаган жерине барып, карызкор Ж.З.Ж.га документинин талаптарын аткарбагандыгын билдирип, карызкорго карата Кыргыз Республикасынын “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Мыйзамынын 54-бер. 4-бөл. талаптарына ылайык колдонулуучу чаралар туурасында эскертилген.


Натыйжада Кызыл-Кыя шаардык САКБнүн сот аткаруучулары менен Кызыл-Кыя ШИИБү боюнча ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан карызкор Ж.З.Ж.га таандык болгон  “DAEWOO LANOS” үлгүсүндөгү  автоунаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилди.