KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кочкор жана Жумгал райондорунун сот  аткаруучулары айып пулдарды өндүрүү максатында рейдге чыгышты

25 марта 2023

2023-жылдын 24-25-мартында жол кымылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан колго толтурулган протоколдор жана “Коопсуз шаар” камераларына катталган  айыптар боюнча Кочкор райондук жана Жумгал райондук  сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн сот аткаруучулары Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте бузуулар боюнча айып пулдарды өндүрүү максатында рейд уюштурулду.


Өткөрүлгөн рейддин жыйынтыгында аткаруу иштери жеринде өткөрүлүп, издөөдө турган автоунаалар айып короосуна токтотулуп,  төлөбөй жүргөн карызкорлордон айып пулдар өндүрүлдү.


Ошону менен бирге, айдоочуларга Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин негизинде салынган айып пулдарды өз убактысында төлөө зарылдыгы жана төлөбөгөн учурда Кыргыз Республикасынын “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшу тууралуу” Мыйзамына ылайык көрүлүүчү чаралар туурасында профилактикалык  түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.