Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти өлкөнүн бардык облустарында улук сот аткаруучулардын ордун которуштуруп, ротация кылды. Эки жылдан ашык кызматта иштеген улук сот аткаруучулар арасында ротация жүргүзүү Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдө иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана коррупциянын тобокелдигин төмөндөтүү максатында болду.
Эскерте кетсек, буга чейин Сот департаментинин областтык башкармалыктарынын башчылары ротация болгон.
Сот департментинин басма сөз катчысы