KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Бишкек шаарынын сот приставдарына алгачкы кызматтык автоунаалар тапшырылды

13 мая 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары, Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулова Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондору боюнча Сот приставдар кызмат бөлүмүнө (СПКБ) жана Октябрь жана Свердлов райондору боюнча СПКБнө сот приставдарынын кызматтык милдеттерин аткарууда зарыл болгон, тагыраагы мажбурлап алып келүү иштерин аткаруу үчүн алгачкы кызматтык автоунааларын тапшырды.


Иш чаранын жүрүшүндө Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулова сот приставдарына кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзам чегинде иш алып барууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Стратегиялык объектилери жөнүндө” Мыйзамына ылайык  соттордун административдик имараттары стратегиялык объектилердин тизмесинде экендигин эскертип, күзөт учурунда жана кызматтык милдеттерди аткарууда тыюу салынган буюмдарды сот имаратына өткөрүүгө болгон аракеттердин алдын алып, андай жосундарга бөгөт коюп, жарандардын коопсуздуктарын камсыз кылууга, Кыргыз Республикасынын “Сот приставдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык иш алып барууларын тапшырды. Мындай аракеттер сотко келген ар бир жарандын жана кызматкерлердин жеке коопсуздугун сактоого багытталышы керек экендигин белгиледи.