KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Чет өлкөгө чыгарда көйгөй жаралбаш үчүн, карызыңыз бар экендигин билип алыңыз

31 мая 2023

Эгерде жаран сот аткаруучулардын багыты боюнча карызын убагында төлөбөсө, ага карата чектөө чаралары көрүлөт.


Кабыл алынган превентивдик чаралардын ичинде республиканын чегинен тышкары чыгууга байланышкан чектөөлөр жана башка бир катар тыюу салуулар болушу мүмкүн.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти жарандарды сот аткаруучулардын багыты боюнча карыздарын өз убагында төлөп, жагымсыз укуктук кесепеттерге жол бербөөгө чакырат.


Карыздын бар экендиги жөнүндө маалыматты төмөнкү номерлерге чалып алса болот:



  1. Сот департаментинин Кыргыз Республикасынан убактылуу чектелген адамдарды борборлоштуруп иштеп чыгуу бөлүмү 0(312) 25-01-54;

  2. Сот департаментинин Нарын облустук  башкармалыгы 0(3522) 5-69-49; 0707 479 482;

  3. Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы 0(3922) 5-15-10;

  4. Сот департаментинин Ош  облустук  башкармалыгы 0(3222) 7-14-32;

  5. Сот департаментинин Талас облустук  башкармалыгы 0(3422) 5-50-68;

  6. Сот департаментинин Жалал-Абад облустук  башкармалыгы 0(3722) 7-41-32.


Жогоруда көрсөтүлгөн телефон номерлерине жумуш убактысында саат 08:30 дан 17:30 га чейин чалсаңыз болот, дем алышсыз иштейт.