KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Баткен жана Ош облустук башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн ЖМК менен өз ара аракеттенүү боюнча окутуулар өткөрүлдү

07 июня 2023

2023 -жылдын 5-7-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш бөлүмү тарабынан ЖМКлар менен өз ара аракеттенүү боюнча Баткен жана Ош облустук башкармалыктарынын жооптуу кызматкерлери, ошондой эле жогоруда аталган облустардын улук сот аткаруучулары жана сот приставдары үчүн окуулар өткөрүлдү.


Аталган окутуулар мекеменин 2023-жылга карата медиа планына ылайык, кызматкерлердин ЖМК жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү боюнча билимин жана көндүмдөрүн жогорулатуу максатында уюштурулду.


Иш чаранын алкагында облустук башкармалыктардын кызматкерлери пресс-релиздерди даярдоо, фото-жана видеоматериалдарды тартуу, социалдык тармактар жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары менен иш алып баруу эрежелерин үйрөнүп жатышат.


Мындан сырткары, маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Назира Сагыналиева мамлекеттик жарандык кызматчылардын этикалык жүрүм-турумун жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодексинин ченемдерин сактоо боюнча окутууларды өткөрүүдө.


Назира Сагыналиева кызматкерлерди функционалдык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен жогорку кесиптик деңгээлде аткарууга, адамдардын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин сактоого, жарандарга жана кызмат адамдарына мамиле кылууда туура жана сылык-сыпаа мамиле кылууга, кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпоого чакырды.