KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин облустук башкармалыктарында ишембиликтер өткөрүлдү

22 марта 2023

Өткөн дем алыш күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин бардык облустук башкармалыктарында ишембиликтер өткөрүлдү.


Ишембиликтин алкагында имараттардын жанындагы аймактар, көчөлөр, арыктар таштандылардан тазаланды, гүлдөр, балатынын жана мөмөлүү дарактардын көчөттөрү отургузулду, ошондой эле бак-дарактар жана бордюрлар акталды.


Иш чаралар өлкөнүн шаарларынын жана калктуу конуштарынын санитардык абалын жакшыртуу максатында уюштурулду.


Ушундай эле ишембиликтер Бишкек шаарынын райондорунун Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүндө жана Ош облусунун Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүндө өткөрүлдү.