KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин облустук башкармалыктарында кезектеги ишембиликтер өткөрүлдү

27 марта 2023

2023-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын, Талас, Баткен, Ош, Чүй жана Жалал-Абад  облустук башкармалыктарында кезектеги ишембиликтер өткөрүлдү.


Облустук башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан административдик имараттардын тегерек-чети,  арыктар таштандылардан тазаланып, бак-дарактар, тосмолор жана бордюрлар акталды.


Ошондой эле, газондор иретке келтирилип, балатынын жана мөмөлүү дарактардын көчөттөрү отургузулду.


Ушундай эле ишембиликтер Ат-Башы райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүндө, Нарын аймактык сот приставдар кызмат бөлүмүндө жана Жалал-Абад облусунун Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүндө өткөрүлдү.


Жалал-Абад облусунун Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн кызматкерлери республикалык ишембиликтин алкагында бөлүнүп берилген жер тилкелерин тазалап, ЖалалАбад шаарынын экопаркына 100 даана каштан дарагынын көчөттөрүн отургузушту.


Аталаган иш чаралар  Кыргыз Республикасынын Президентинин  облустардагы ыйгарым укуктуу  өкүлчүлүгү тарабынан республиканын калктуу конуштардын санитардык абалын жакшыртуу максатында жарыяланган 3 айлыктын алкагында уюштурулду.