KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

В Таласской области состоялась церемония вручения сертификатов по результатом тестирования на знание государственного языка

15 мая 2019
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгында аталган башкармалыктын, сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрүнүн жана сот  аппаратынын  кызматкерлерине мамлекеттик тилди билүү тестинен өткөндүгүн тастыктаган сертификаттарды тапшыруу аземи өткөрүлдү. Сертификат 36 мамлекеттик жарандык кызматкерге тапшырылды.

Белгилеп кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябырындагы №757 сандуу токтомун ишке ашыруунун алкагында, Башкармалыктын жана жергиликтүү САКБрү менен СПКБнүн, ошондой эле Талас облусунун жергиликтүү соттордун аппаратынын административдик кызмат оорундарын ээлеген мамилекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамилекеттик тилди билүү денгээлин белгилөө үчүн 2018-жылдын октябрь айында жалпы милдеттүү тестирлөөдөн өтүшкөн.Мамилекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылардын кыргыз тилин билүүсү боюнча өткөрүлгөн тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кыргыз тилин билүү денгээли төмөндөгү көрсөткүчтөр менен белгиленген, (А1) башталгыч деңгээлде, (А2) негизги деңгээлде, (В1) орто деңгээлде, (В2) орто деңгээлден жогору, (С1) жогорку деңгээлде.


Иш-чаранын учурунда  башкармалыктын жана жергиликтүү САКБрү менен СПКБнүн ошондой эле Талас облусундагы жергиликтүү соттордун аппаратынын административдик кызмат оорундарын ээлеген мамилекеттик жарандык кызматчыларды Башкармалыктын башкы адиси А.А. Кожокулова тестирлөөнүн жыйынтыгы менен күбөлүктөрдүн (сертификат) ээси болгондорго куттуктоо сөзүн айтып мындан ары мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатууга үндөп кетти.