KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгында айып пулдарды өндүрүү маселелери талкууланды

14 сентября 2022

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгында айдоочуларга салынган айып пулдарды өндүрүү маселеси талкууланды.


Иш чарага Талас облусунун Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн сот аткаруучулары, Талас облустук прокуратурасынын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүмүнүн Талас облустук башкармалыгынын кызматкерлери жана Талас облустук социалдык фондунун өкүлдөрү катышышты.


Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин талаптарын тийиштүү түрдө аткаруу жана «Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү жөнүндө» убактылуу эрежелерди колдонуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бөлүмү тарабынан түзүлгөн укук бузуулардын протоколдорун аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана өз ара кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле, жогоруда аталган бөлүм тарабынан аталган протоколдорду аткаруудагы кемчиликтерди жоюу маселелери каралды.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар айып пулдарды толук жана реалдуу өндүрүү жана мамлекеттик бюджетти толтуруу максатында жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга карата кабыл алынган токтомдорду аткаруу боюнча өз ара кызматташуу жөнүндө макулдашышты.


Мындан тышкары, «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин айрым ченемдерин колдонуу боюнча Сот департаментинин облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан облустун сот аткаруучуларына усулдук жардам көрсөтүлүп, тиешелүү сунуштар берилди.