KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот аткаруучулардын жана сот приставдардын ишмердүүлүгү жөнүндө видеорепортаж

22 марта 2023

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна каратштуу Сот департаментинин Чүй облусунун башкармалыгынын башчысы Данияр Сейтказиевдин демилгеси менен Чүй облусунун Жайыл райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн жана Чуй облусунун Жайыл райондук Сот приставтар кызмат бөлүмүнүн ишмердүүлүгү тууралуу калкка маалымат берүү максатында, СТВ телерадиокомпаниясынын журналисттери менен бирге сот аткаруучулардын жана сот  приставдардын ишмердүүлүгү боюнча репортаж тартылды.


Чүй облусунун Жайыл райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу Руслан Касымалиев жана сот аткаруучулар Гульзат Дуйшенкулова, Апсамат Турусбеков алимент өндүрүү, карызкорлорго чектөө коюу, карызкорлордун мүлкүн камакка алуу жөнүндө иш-аракеттер боюнча жана башка маанилүү маселелерге токтолушту.


Ошондой эле Жайыл райондук сотунун улук сот приставы Мирлан Орозобаев сот приставдардын ишмердүүлүгү жана мажбурлоо түрүндө алып келүү жөнүндөгү токтомдорунун аткарылышы тууралуу маалымдады.