KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Өлкөдөн чыгууга убактылуу чектөө коюу

26 января 2023

Заманбап укуктук ой-пикирде ээн-эркин жүрүү адамдын табигый укугу, башкача айтканда, мамлекет тарабынан эмес, тубаса ар бир адамга таандык деген көз карашта калыптанып калган. Адам баласы байыртадан эле динамикалык жашоо образын өткөрүп келген. Ар кандай себептерден жана жагдайлардан улам адамдар бир аймактан экинчи жерге көчүп, отурукташып же андан ары көчтү улап жүрүшкөн. Ошентип, миграциялык процесстер адамзаттын табигый жашоо процессинин ажырагыс бөлүгү болуп калган.


Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 31 беренесине ылайык, ар бир адам Кыргыз Республикасынын аймагында эркин жүрүүгө, баруучу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эркин чыгууга жана тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу. Чыгуу укугун чектөөгө мыйзамдын негизинде гана жол берилет. Өлкөбүздүн жарандарынын тоскоолдуксуз кайтып келүү укугуна эч кандай чектөө коюлбайт.


Мыйзам боюнча чыгуу укугун чектөө


Өлкөдөн чыгууга убактылуу чектөө коюу Кыргыз Республикасынын “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Мыйзамынын 52-беренеси менен жөнгө салынат. Бул тууралуу эмнени билүү керек: Чыгууга убактылуу чектөө коюу — бул аткаруу өндүрүшүнүн чегиндеги аткаруу чарасы. Аны колдонуунун максаты болуп — карызкордун карызды төлөөдөн качуусуна жол бербөө жана аны өндүрүп алуучунун алдындагы милдеттенмени аткарууга шыктандыруу (мажбурлоо) болуп саналат.т Аталган чара сот аткаруучу тарабынан колдонулат. Чыгууга убактылуу чектөө коюу жөнүндө токтом карызкор — жеке жактын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан карызкор — юридикалык жактын жетекчисине (анын милдетин аткаруучуга) карата да чыгарылышы мүмкүн, ал Кыргыз Республикасынын “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Мыйзамында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.


Токтомдун көчүрмөлөрү карызкорго, өндүрүп алуучуга жана мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органга жиберилет. Карызкорго аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш тапшырылат. Ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушту карызкор алган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде белгиленет.


Аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт аяктагандан кийин сот аткаруучу карызкордун чыгуусуна убактылуу чектөө жөнүндө токтом чыгарат.


Карызкордун чыгуусуна убактылуу чектөө коюу жөнүндө токтом аткаруу документи толук көлөмдө аткарылгандан кийин же болбосо өндүрүп алуучунун арызы боюнча же аткаруу өндүрүшү токтотулган учурда гана жокко чыгарылат. Мындай учурларда сот аткаруучу 24 сааттын ичинде карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгуусуна убактылуу чектөөнү алып салуу жөнүндө токтом чыгарат.


Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 101-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш. Сот өзү кабыл алган сот чечимдеринин жана жеке аныктамаларынын аткарылышын контролдойт. Сот чечимдерин аткарбоо, талаптагыдай эмес аткаруу же болбосо аткарууга тоскоолдук кылуу мыйзам менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.


Кыргыз Республикасынын чек арасынан өтүүдө күтүлбөгөн жагдайларды болтурбоо үчүн чыгууга чектөө коюу жагымсыз сюрприз болгондо карыздын бар экендигин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин расмий сайтынан текшерүүгө болот. Карыз абалын текшерүү сервиси аткаруу өндүрүшү боюнча маалыматты сактаган жана системалаштырган сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн бирдиктүү маалыматтык маалымат базасы болуп саналат. Ал жарандарга аткаруу өндүрүшү боюнча статусу жөнүндө жана бул аткаруу өндүрүшү сот аткаруучулар кызматынын кайсы бөлүмүндө жайгашкандыгы жөнүндө маалымдайт.


Карыз абалын кантип текшерсе болот?


Сот департаментинин расмий сайтындагы ( www.suddep.sot.kg)  “Карыз абалын текшерүү» рубрикасы аркылуу, ар бир жаран өзүнүн жеке идентификациялык коду менен карызкор катары ага карата аткаруу өндүрүшүнүн бар экендигин текшере алат.


Карыз абалын текшерүү — бул аткаруу өндүрүшү боюнча маалыматты сактаган жана системалаштырган Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн бирдиктүү маалыматтык базасы болуп саналат жана жарандарга аткаруу өндүрүшү боюнча статусу жөнүндө, ал аткаруу өндүрүшү Сот аткаруучулар кызматынын кайсы бөлүмүндө жайгашкандыгы жөнүндө маалымат берет.


Ошондой эле, карыз абалын текшерүү сервиси Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы «Түндүк» менен интеграцияланып, аткаруу документи боюнча карыздардын бар экендиги жөнүндө кененирээк маалымат (www.portal.tunduk.kg) порталынан жеке кабинетке кирүү аркылуу алса болот.


Мындан сырткары, бүгүнкү күндө карыз абалын текшерүү «Мбанк» мобилдик тиркемеси аркылуу текшерүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.


Эскерте кетсек, карызкорго аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш тапшырылат. Аны аткаруу үчүн мөөнөт аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушту карызкор алган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде белгиленет. Аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт аяктагандан кийин сот аткаруучу карызкордун чыгуусуна убактылуу чектөө коюу жөнүндө токтом чыгарат.