KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон  райондук  Сот  аткаруучулар  кызмат  бөлүмү кыймылсыз мүлккө ачык соода-сатык жарыялайт

26 сентября 2022

Базар-Коргон  райондук  сот  аткаруучулар  кызмат  бөлүмү тарабынан карызкор Эргашев Каримбек Тургумбековичтен кошумча карызкорлор Эргашева Каныкей Календеровнадан, Эргашев Медетбек Тургунбековичтен өндүрүп алуучу “БТА Банк” ЖАКнун пайдасына 133 013,10 сомду өндүрүүдө, карызкор Эргашев Каримбек Тургумбековичке таандык болгон, күрөөгө коюлган Базар-Коргон районунун Беш-Бадам айылында жайгашкан идент. Код № 3-02-02-0022-0158 сандуу турак-жайына ачык соода-сатык жарыялайт. Турак-жайдын баштапкы баасы 560 000 (беш жуз алтымыш мин) сом.


Соода-сатык 2022-жылдын 4-ноябрында саат 11:00 до мүлк жайгашкан даректе жүргүзүлөт.


Соода-сатыкка  катышууну  калоочулар  турак-жайдын  баштапкы  баасынын 5 пайызын ачык тоорук  болгонго  чейин  Базар-Коргон  районунун  САКБнүн  депозиттик  эсебине  төлөөгө  тийиш. Бул сумма  соода-сатыкта  турак-жайдын  сатып  алган  сумма  эсебинен  төгүлөт. Соода-сатыкта жеңилген катышуучулардын алдын ала төлөнгөн шерт суммалары соода-сатык аяктагандан кийин кайтарылып берилет. Соода-сатыкта уткан адам 7 (жети) күндүн ичинде соода-сатыктын алдында төккөн сумманы кошо эсептөө менен мүлктүн сатып алынган суммасын толугу менен төлөп берүүгө милдеттүү.


Байланыш  телефону  (03736)  5-00-79; 0225-07-11-80, Базар-Коргон райондук САКБнүн сот аткаруучусу Абдуллаев А.Г.