KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

05 мая 2022

Урматтуу кыргызстандыктар!


5-Май Конституция күнү катары таанылгандан бери 29 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта канчалаган өзгөрүүлөргө жана түрдүү окуяларга карабастан, дата манилүүлүгүн жоготпой келет.


1993-жылдын 5-майында  Кыргыз Республикасы Конституцияга ээ болуп, ал жаңы мамлекеттин курулушуна, жаңы укуктук негиздерди жана мамлекет менен жарандардын, коомдук бирикмелердин ортосундагы жаңыча мамиле түзүүгө негиз берди.


2021-жылдын   11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституция сот тутумунун көз карандысыздыгын бекемдеп, өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк тартуулады. Жалпысынан ар бир кыргызстандык үчүн татыктуу турмуш камсыз кылууну башкы максаты катары караган калыс, демократиялуу мамлекет курууга бекем фундамент түзүлдү.


Конституция мыйзамды урматтоого, адам укуктарын баарынан бийик кастарлоого, келечек муундардын алдында зор жоопкерчиликти сезүүгө үндөп турат.


Конституция күнү – жарандарыбыздын эркиндигинин, жаратман жана бейпил эмгектин, мамлекетибизди бекемдөөнүн, адилеттүү жана калыс коом куруунун майрамы.


Майрамыңыздар менен куттутайм! Эли-жерибизге тынчтык, аманчылык, бакубат жашоо жана жаркын келечек каалайм!


 


Урматтоо менен, 


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу


Сот департаментинин директору


Урмат Кожомбердиев