KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Баткен облусунун Кадамжай райондук сот аткаруучулар кызматтык бөлүмү кыймылсыз мүлккө ачык-соода сатык жарыялайт

09 апреля 2021

Кадамжай райондук сот аткаруучулар кызматтык бөлүмү “2021 жылдын 11 май күнү саат 10.00до” Баткен облусу, Кадамжай району, Айдаркен шаарында жайгашкан АТАК “Хайдаркан акционердик коомуна” таандык, жалпы жер аянты 4 150 ч.м., жалпы курулуш аянты 1 361 ч.м., ИНН 8-02-04-0001-0003 болгон полимер цехинин имаратын 3 500 000 (үч миллион эки жүз миң) сомдон, Кадамжай районунун Айдаркен шаарында жайгашкан жалпы курулуш аянты 447,6 ч.м. ИНН 8-02-04-0001-0003-79 болгон музоокана имаратын 1 220 000 (бир миллион эки жүз жыйырма миң) сомдон, Кадамжай раайонунун Айдаркен шаарында жайгашкан жалпы аянты 92 ч.м. жалпы аянты 837,8 ч.м. эки кабаттуу, ИН 8-02-04-0001-0003-60 болгон байланыш бөлүмүнүн имаратын 3 200 000 (үч миллион эки жүз миң) сомдон башталган ачык-соода сатык жарыялайт.


Соода-сатык Баткен облусу, Кадамжай району, Айдаркен шаары, Кыргызстан көчөсү №19а даректе өткөрүлөт.


Кыргыз Республикасынын “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү туралуу” Мыйзамдын 84-бер. 4-б. каралгандай аукционго катышууну каалаган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:



  1. катышууга арыз берүүгө жана аукционго алардын катышуусуна тоскоолдуктар жоктугу жөнүндө тил кат берүүгө.

  2. Мүлктүн баштапкы наркынын 5 пайызы өлчөмүндө сот аткаруучулардын аймактык бөлүмүнүн депозиттик эсебине шерт пул төлөөгө.


Катышуучуларга билдирүү аукционго катышуучулардын арызы каюыл алуу аукционго бир күн калганда бүтөт. Ал эми аукциондо утуп алган адам төлөгөн шертпул сатып алуу баасынын эсебине чегерилет жана торуктардын калган катышуучуларынын төлөгөн шертпулдары тооруктар аяктагандан кийин үч жумушчу күн ичинде кайтарылып берилүүсү түшүндүрүлөт.


Сурап билүү үчүн байланыш телефон: 0779 65-70-07


Сурап билүү үчүн Кадамжай райондук САКБнө сот аткаруучусу Ганиев Ж.М.