KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин директору Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун имараттарынын абалы менен таанышууда

05 июля 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 5-июлунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев менен бирге ротацияланып келген судьялардын жашоо жана иштөө шарттары, соттордун имараттарынын абалдары жана материалдык-техникалык камсыздоосу менен таанышуу максатында Чүй облусунун бир катар жергиликтүү сотторунда болушту.


Иш сапардын катышуучулары Кемин жана Чүй райондук, Токмок шаардык, Ысык-Ата жана Аламүдүн райондук сотторунун жамаатары менен жолугушуп, имараттарын карап чыгышты.


Кемин райондук соту эки кабаттуу имаратта жайгашкан. Иш бөмөлөрү кенен жана ыңгайлуу, кызматтык жайлары жана сот отурумунун залдары жетиштүү. Аталган сотто сотко келген жарандар жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.


Тескерисинче, Чүй райондук жана Токмок шаардык соттору бир имаратта жайгашып, иш бөмөлөрү, кызматтык жайлары жана сот отурумунун залдары тар жана жетишпейт. Ушундай эле көйгөйлөр Аламүдүн жана Ысык-Ата  райондук сотторунда да бар.


Жолугушууларда турак-жайларга болгон ижара бааларынын жогору болуп жаткандыгы, кадрлардын жана иш бөлмөлөрдүн жетишсиздиги, аппарат кызматкерлеринин айлыктары боюнча бир катар маселелер көтөрүлдү. Ошорндой эле, ротацияланып келген судьяларды турак-жай менен камсыз кылуу үчүн атайын кызматтык үйлөрдүн курулушу пландаштырылып жаткандыгы айтылды.


Иш сапардын катышуучулары эртең Чүй облусундагы Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондук сотторун, ошондой эле Чүй облусунун Административдик соту менен Чүй облустук сотун кыдырышат.