Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери, Чүй облусунун сот аткаруучулары жана сот приставдары 2024-жылдын 1-октябрында Чүй облусундагы 100 жаштан ашкан улгайган тургундарды Эл аралык карылар күнү менен куттукташты.
Майрамдык иш чаранын алкагында кызматкерлер кылым карыткан карылардын үйлөрүнө барышып, ден соолугунан кабар алышты. Ошону менен бирге акчалай жардам көрсөтүлүп, азык-түлүк себеттери тапшырылды.