Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин 2024-жылдын 25-январындагы № 28 сандуу буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары – Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулова Чүй облусунун Сокулук, Москва, Панфилов жана Жайыл райондору боюнча Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүндө текшерүү жүргүзүп, материалдык-техникалык абалы менен таанышып чыкты.
Джылдыз Рыскулова текшерүүнүн жүрүшүндө Чүй облусунун аймагындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун көзөмөл-өткөрүү пункттарына видео-көзөмөл орнотуу иштерин тездетүүнү жана текшерүүдө аныкталган башка маселелер боюнча бир катар протоколдук тапшырмаларды берди.
Мындан сырткары, Чүй облусунун Сот приставдар кызматынын өздүк курамынын форма кийимин кийүү жана айырмалоочу белгилери жана эмблемаларын туура, талапка ылайык сактап, сот приставдарды мыйзам талаптарына ылайык ак ниеттүүлүк менен иш алып барууга жана жарандарга сылык мамиле кылууга чакырды.