KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулова иш сапары менен Баткен облусунда болду

23 апреля 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары – Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулова жана Сот департаментинин  Сот приставдар кызматынын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы адиси Жаназар Жумагуловдор кызматтык иш сапары менен Баткен облусунда болду.


Кызматтык иш сапардын жүрүшүндө Баткен облусунун Сот приставдар кызматы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык абалы, иш бөлмөлөрү, өздүк курамдын ишмердүүлүгү жана көзөмөл-өткөрүү жайларынын абалы, жарандардын соттун административдик имараттарына кирип-чыгуу иштеринин уюшулгандыгы, сот отрумундагы тараптардын коопсуздуктары жана коомдук тартиптин сакталышы менен жеринде таанышуу жүргүзүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө сот приставдары тарабынан ишмердүүлүккө байланыштуу берилген суроолорго практикалык жактан колдоо көрсөтүү иштери менен коштолду.


Сот департаменти тарабынан демилгеленген жергиликтүү соттордун имараттарын видео-байкоо көзөмөл жабдуулары менен камсыздоо долбоору Баткен облусунда толугу менен бүгүнкү күндө ишке ашырылып, колдонууга берилгендиги маалымдалат. Видео-байкоо көзөмөл  жабдуулары сот приставдарынын көзөмөл өткөрүү жайына мониторго байланыштырылган. Бул учур нөөмөттү жүргүзүүгө жеңилдиктерди түздү. Соттун имаратынын жана аны курчап турган тилкесиндеги коопсуздукту жана укукка каршы иш аракеттерди алдын алып, бөгөт коюуга ылайыктуу шарт түзүлгөндүгү туурасында сот приставдары тарабынан жеринде кабарланды.


Мындан сырткары Джылдыз Рыскулова Баткен облусунун Сот приставдар кызматынын өздүк курамынын форма кийимин кийүү жана айырмалоочу белгилерин туура, талапка ылайык тагынып жүрүүгө, сот приставдарына жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарууга, мыйзамдардын талаптарын бекем сактоого жана жарандарга сылык мамиле кылууга чакырып, иштерине ийгиликтерди каалады.