KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл областтык башкармалыгы төмөндөгү ваканттык мамлекеттик административдик кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт

21 февраля 2019

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл областык башкармалыгы төмөндөгү ваканттык мамлекеттик административдик кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт:


Категориясы (С-Б) улук кызматтар: Каракол аймактык Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставы – 1 бош орун, Жети-Өгүз райондук Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставы – 1 бош орун, Тоң райондук Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставы – 1 бош орун, Балыкчы шаардык Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу – 1 бош орун.


Жогорудагы бош ваканттык орундарга коюлган квалификациялык талаптар:


1) кесиптик билим деңгээли:


-юриспруденция жаатында жогорку кесиптик билим.


2) иш стажы жана тажырыйбасы:


-мамлекеттик же/жана муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же 3 жылдан кем эмес тиешелүү профессионалдык чөйрөдө иш тажрыйбасы;


3)сот аткаруучунун кесиптик компетенттүүлүгү:


-КРнын “Күрөө жөнүндө”, “Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө” Мыйзамдарын билүүгө тийиш;


4)сот приставдарынын кесиптик компетенттүүлүгү:


-КРнын “Сот приставдары жөнүндө”, “Курал жөнүндө” Мыйзамдарын билүүгө тийиш;


Категориясы (М-А), кенже кызмат:


-Башкармалыктын бухгалтердик эсеп, отчеттулук жана сатып алуу секторунун жетектөөчү адиси – 1 штаттык бирдик;


Бош ваканттык ордуна коюлган квалификациялык талаптар:


1. кеситик билим деңгээли:


-экономикалык багыттагы жогорку юридикалык билими;


2. иш стажы жана тажырыйбасы:


-иш тажырыйбасына талап коюлбайт;


3. кесиптик компетенттүүлүгү:


-КРнын Бюджеттик кодексин, “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамын билүүсү тийиш;


Функционалдык-кызматтык милдеттери:


-жетекчинин тапшырмаларын сапатуу аткаруу,


-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана практикада колдоно билүү,


-мамлекеттин жана чет өлкөлөрдүн иш тажырыйбаларын салыштыруу жана практикада колдонуу,


-аналитикалык, информациялык жана башка документтерди дайындоо ж.б.


Шыгы:


— маалыматтарды чогултуу, анализдөө, систематизациалоо жана жалпылоо;


— аналитикалык документтерди даярдоо;


— мамлекеттик жана чет элдин тажырыйбаларын анализдөө жана практикада колдонуу;


— коллегалары менен эффективдүү иштешүү;


— ишкердик которуу жүргүзү;


— жаңы чөйрөдө иштешип кете алуу жөндөмү;


— тиешелүү кызамттык чөйрөдө иштөөгө багыталган;


— кызматтык бөлүмүндө өзүнүн милдеттерин аткаруунун чегинде иштин жыйынтыгын анализдөө, прогноздоо;


Ыкмалары:


— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада пайдалануу;


— ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;


— нормативдик актылар менен иштөө жана практикада колдоно билүү;


— мамлекеттик жана расмий тилдерде кат алышуу;


— коллегалары менен эффективдүү иштешүү;


— жаңы чөйрөдө иштешип кете алуу;


Сот приставдарынын кызматтык милдеттери:


* сот жыйналышы убагында имаратта, залдарда жана жайларда, ошондой эле көчмө сот жыйналышы өткөрүлүп жаткан имараттарда жана жайларда коомдук тартипти камсыз кылуу жана сактоо;


* процесстик иш-аракеттерди аткарууда сотко көмөктөшүү;


* аткаруу иш-аракетгерин жасап жаткан учурда соттук аткаруучуларга көмөктөшүү;


* соттордун имараттарьш жана жайларын, сот приставдары кызматынын имараттарын жана жайларьш, ошондой эле көчмө сот жыйналышы өткөрүлүп жаткан имараттарды жана жайларды кайтарууну камсыз кылуу;


* «Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарьш коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, судьяларды, сот арачыларын жана процесстин башка катышуучуларын кайтарууну, ошондой эле соттук аткаруучуларды жана аткаруу иш-аракеттерине катышкан адамдарды ушул иш-аракеттерди жасап жаткан мезгилде кайтарууну камсыз кылуу.


Сот атаруучунун кызматтык милдеттери:


* аткаруу документинин реалдуу, толук жана өз убагында аткарылышы үчүн мыйзамда каралган чараларды көрүүгө;


* тараптарга алардын укуктарын жана милдеттерин, мыйзамдын жоопкерчилик жөнүндө жоболорун түшүндүрүүгө жана алардын мыйзамда корголуучу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо жигердүү жардамдашууга;


* аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жана алардын өкүлдөрүнө укуктарын пайдаланууга жана мыйзамда каралган милдеттерин аткарууга мүмкүндүк берүүгө;


* тараптардын аткаруу өндүрүшү боюнча арыздарын жана өтүнмөлөрүн кароого жана алар боюнча токтомдорду чыгарууга, даттануунун мөөнөтүн жана тартибин түшүндүрүүгө;


* эгер ал жеке өзү аткаруу өндүрүшүнүн жыйынтыгына тикелей же кыйыр кызыкдар болсо, же анын кынтыксыздыгына тек туудурган башка жагдайлар болсо, өзүнүн иштен баш тартуусу жөнүндө билдирүүгө;


* кызматтык, коммерциялык, банктык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого;


* кесиптик адепти сактоого;


* аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган башка милдеттерди аткарууга.


Жетекөөчү адистин кызматтык милдеттери


* кызматкерлерге айлык маянасын которуу;


* айлык маяна жөнүндөгү №5 мемориалдык ордерин тапшырат;


* социалдык камсыздантыруунун статистикалык отчетторун түзөт;


* негизги каражаттардын, материалдык буюмдарды текшерип, көзөмөлдөйт жана аларга жоопту,


* жетекчининин башка тапшырмаларын аткарат.


Талап кылынуучу документтер: Конкурска катышуу жөнүндөгү өздүк арызы, кадр учету боюнча өздүк баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу/соттолбогондугун көргөзү керек), 4х6 өлчөмдөгү 2 даана сүрөт, паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көргөзүлөт), нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин жана жогорку билими жөнүндөгү документтердик көчүрмөсү, Психикалык жана Наркология борборунан маалымдама.


Сот приставдары үчүн: Аскердик билет же башка аскердик даярдык өткөндүгүн тастыктаган же альтернативдик даярдык өткөндүгү тууралуу документтеринин көчүрмөлөрү


(нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн) (бул талап аялдарга тиешелүү эмес); аскердик даарыгерлик комиссиянын (АДК) жыйынтыгы (3-этаптан кийин);


АДК-ны тестирлөө жана практикалык тапшырма этаптардан ийгиликтүү өткөн талапкерлер алышат.


Документтерин толук тапшырбаган жана квалификациялык талаптарга жооп бербеген талапкерлер сынактын кийинки этабына киргизилбейт.


Талапкерлердин документтери жарыя “Ысык-Көл кабарлары” гезитинин бетине чыккан күндөн баштап 10 иш күн өткөнгө чейин саат 8.30 дан 17.30 га чейин, Каракол шаары Кыштобаев көчөсү 70 дареги, Сот департаментинин Ысык-Көл областтык башкармалыгында кабыл алынат, тел. 0(3922) 5-65-06, 0555 107 428.


Конкурска катышууга жолдомо алган талапкерлерге конкурстун убактысы жана өтүлө турган дареги кошумча кабар берилет.