KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кара-Көл шаардык соту жаңы имаратка муктаж

30 июня 2022

Аталган маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков делегация менен бирге бүгүн, 2022-жылдын 30-июнунда, Кара-Көл шаардык сотунун имаратынын абалы менен таанышуу учурунда көтөрүлдү. Себеби, имарат сот иштерин уюштурууга мүмкүн эмес жана белгиленген стандарттарга жооп бербейт.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев Кара-Көл шаардык сотунун мэри менен жолугуп, жаңы имарат салынгыча аталган сотко убактылуу башка имарат бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылды. Анткени быйылкы бюджетке жаңы имаратты куруу киргизилген эмес.


Ошондой эле, иш сапардын катышуучулары Таш-Көмүр шаардык сотун кыдыруу учурунда иш бөлмөлөрдүн, сот отурумунун залдарынын жетишсиздиги, тардыгы жана ыңгайсыздыгына күбө болушту.


Учурда имараттын биринчи кабатында соттун кызматтык жайлары, сот отурумунун залы орун алган. Ал эми экинчи кабатында башка мамлекеттик ведомстволор жайгашкан.


Урмат Кожомбердиев 2018-жылы мэрия тарабынан имарат куруу үчүн 11 сотых жер тилкеси бөлүнүп берилгенин, жаңы имарат куруу боюнча проекттик документтери даярдалып, сметасы түзүлгөнүн белгиледи.


Ал эми түштөн кийин иш сапардын катышуучулары Токтогул райондук сотунун эмгек жамааты менен жолугушуп, имараттын абалы, материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Аталган сотто бардык заман талабына ылайык шарттары каралган, иш бөлмөлөрү, сот отурумунун залдары кеңири жана жетиштүү экени белгилүү болду. Сотко келген жарандар жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Имарат 2017-жылы капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.


Ошондой эле, Токтогул райондук сотунда сот отурумдарынын жүрүшүн аудио жана видео жазуу каражаттарына жазуу, автоматташтырылган маалымат тутуму жана судьялардын арасында иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү системалары мыкты иштеп жатканы көрсөтүлдү.


Белгилей кетсек, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Жалал-Абад облусунун жергиликтүү сотторуна ротацияланган судьялардын жашоо жана иштөө шарттары, имараттарынын абалдары менен таанышуу үчүн келген. Эртең иш сапары Талас облусунда уланат.